12 медицина кызматкери коронавирус жуктурду

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 4 (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош шаарында – 1.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды.

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Кыргызстанда бир сутка ичинде жалпысынан 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 114 бейтап айыкты.

Кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты