​Коронавирустан айыккандар да арбын. Жалпысынан 114 бейтап сакайды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда бир сутка ичинде жалпысынан 23 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Бүгүнкү күнгө чейин бардыгы болуп 114 бейтап айыкты.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында-9, Ош шаарында -7 жана Жалал-Абад шаарында– 7 учур.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты