Ыкчам штаб: Дарыгерлерге берилүүчү компенсация өлчөмү аныкталды

  • 4 года мурун

Кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт.

Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Учурда врачтарга жана медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилүүдө. Тийиштүү органдарга финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүүсү тапшырылды.

Боронов атайы иштелип чыккан www.help.covid.kg онлайн платформага коронавирустук инфекцияга каршы күрөш боюнча атайы эсептерге финансылык каражаттардын түшүүсү тууралуу маалымат жайгаштырылгандыгын билдирди.

Дарыгерлер үчүн коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги жана алардын жоктугу тууралуу билдирүүлөрдү эске алуу менен коргонучу каражаттардын келип түшкөн саны жана алар менен медиктердин иш жүзүндө камсыздалышы маселеси тыкыр иликтөөгө алынууда.

10-апрелдеги маалымат боюнча, коронавируска 5 медициналык кызматкер чалдыкты. Жалпысынан жаңы вирус жугузган дарыгерлердин саны 39 га жетти.

10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталып. жалпы саны 298 ге жетти Бүгүнкү катталгандардын арасынан бешөө-медицина кызматкери.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты