​Кыргызстанда коронавирус 20-24-апрелде чегине жетээри күтүлүүдө

  • 4 года мурун

Коронавирустун жеткен чеги 20-24-апрелде болору күтүлүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев суроолорго жооп берип жатып, коронавирустун таралышы жана жеткен чегин болжолдоо боюнча адистер тобу иштеп жатканын жана болжол менен жетээр чеги 20-24-апрелде өтөөрү күтүлүп жатканын билдирди.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы 430 учуру катталды. Алардын ичинен:

Ош облусунда – 128:;

Жалал-Абад облусунда – 93;

Бишкек шаарында -77;

Ош шаарында – 59;

Нарын облусунда-34;

Чүй облусунда – 28 ;

Ысык-Көл облусунда -6;

Баткен облусунда – 5 учур катталды.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок кечээ күнү КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жуктурган адамды аныктамайынча карантинди токтото албайбыз деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты