Жалал-Абаддагы жугуштуу дарт ооруканасы жабылды. Дарыгерлердин баары коронавируска чалдыкты

  • 4 года мурун

Жалал-Абаддагы шаардык жугуштуу оорукана жабылды. Андагы дарыгерлердин бардыгы коронавируска чалдыгып калды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди.

Жалал-Абаддагы шаарык жугуштуу оорукананы толук дезинфекциядан өткөрүү талап кылынууда.

8-апрелге карата жаӊы катталган 42 учурдун ичинен — 13ү медицина кызматкерлери.

Кечээ коронавируска 19 дарыгер чалдыкканы айтылган, бүгүнкү менен 32 болду.

Коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү республикалык штабынын 8-апрелдеги маалыматы боюнча, Кыргызстанда 32 медицина кызматкери коронавирус жуктурган:

Анын ичинен:

Бишкекте – 4;

Ош облусунда – 20;

Жалал-Абад облусунда – 7;

Баткен облусунда – 1.

Сүрөт gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты