Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүү каралып жатат

  • 4 года мурун

Коронавирусту жаңы жугузган 12 кишинин жетөө — медициналык кызматкер. Алардын бардыгы тиешелүү дарыланууда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, вирусту жаңы жуктурган 12 бейтаптып жетөө – дарыгер, бардыгы байланышта болгондор.

COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүү маселеси каралып жатат. Компенсациянын суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку сумма, ал эми өлүм учуру катталса, башка компенсация каралат,,- деп билдирди саламаттык сактоо министри.

Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоо киргизүүгө даяр.

Коронвирустун алдын алуу жана анын жайылышын болтурбоо респуликалык штабы коронавирус жугузган врачтардын жалпы саны 19 экенин белгиледи.

Бүгүн, 7-апрелде, Кыргызстанда коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Дарт жугузгандардын бардыгы 228 болду. Алардын баары Ош облусунда обсервацияда жаткандар. Дарт жугузгандардын жетөө — медициналык кызматкерлер.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты