​Бишкектеги өзгөчө абал: Коменданттык саат киргизилет

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын комендатурасынын 25-марттагы маалымат жыйынында билдирилгендей, коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына каршы күрөшүү штабы маалыматтардын кыскача топтомун сунуштады.

  • Бишкек шаарын 41 блок-пост жайгашкан;
  • Коменданттык саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин созулат;
  • Маршруттук баракчаны кагаз бетине кол менен толтурса болот;
  • Борбордон тышкары жашаган, бирок бул жерде иштеген жарандарга – иш берүүчүлөр иштегендиги тууралуу маалымат кагазын өткөрмө кагазга ылайык берүүгө милдеттүү;
  • Башка шаарда жашагандар азыркы жашаган жеринен жашагандыгы тууралуу маалымкат (ТЖК, үй, кварталдык) жана ким экендигин тастыктаган күбөлүгү болууга тийиш;
  • Бүгүнкү күндөн баштап такси жана коомдук транспорттун иши токтотулду;
  • Медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабастан иштөөгө милдеттүү, алардын ээлери толук кандуу иштешин камсыз кылууга тийиш;
  • Банктар жана алардын филиалдары дагы күндүзгү убакытта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык иштешет;
  • Коомдук тамактануу жайлары жабылды, бирок күндүзү алып кетүүгө гана иштесе болот жана жеткирүү кызматтарына 20:00гө чейин күндүзгү убакытта гана тамак жеткирип иштөөгө уруксат берилет;
  • Өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66 06 16; 66 07 10; 66 21 34; 66 02 48 номерлери боюнча колл-центрге кайрылсаӊыз болот;
  • 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат учурунда милиционерлер, медиктер жана коммуналдык кызматтар гана иштейт;
  • Күндүзгү убакытта ММКлар үчүн чектөөлөр жок, аккредитациядан өтүү зарыл, кошумча маалымат берилет;
  • Эгерде дачага чыгып кеткиӊиз келсе, ошол жакта изоляциялануу колдоого алынат;
  • Үй жандыктары менен короодо жана кыска убакыт гана сейилдөөгө болот, коммендаттык саат мезгилинен сырткары;
  • Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузууга 1000 сом айып каралат. Ага протокол түзүлүп, токтом чыгарылып, банк аркылуу төлөтүлөт.

Коронавирустун бүт дүйнөдө жайылышына байланыштуу Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Сүрөт: штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты