​Жогорку Кеңеш Президенттин жарлыгына байланыштуу токтом кабыл алды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 24-мартта, Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарында, Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарын бекитүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, ал жарлыктарды колдоо боюнча токтом кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Конституцияга жана мыйзамга ылайык, аталган үч жарлыкты бекитүүнү толук колдоо менен атайын токтом кабыл алышты.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин 19-марттагы токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, депутаттар 15-апрелге чейин өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык коронавирустун дүйнөдө күч алышынан жана Кыргызстанда катталышынан улам кабыл алынды.

24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты