​Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилет

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлык коронавирустун дүйнөдө күч алышынан жана Кыргызстанда катталышынан улам кабыл алынды.

Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында 25-марттан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалды.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендатура түзүлөт.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 16 учур катталса, 24-мартка карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты