​Пакистанда кыргыз жараны коронавируска чалдыкты

  • 4 года мурун

22-марттагы маалымат боюнча, Пакистанда коронавирус жуктургандардын арасында кыргызстандык жаран да бар.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Инфекция жуктурган жаран төрт кыргызстандык менен ал жакта дааватта бирге жүргөн.

Аталган жарандар консулдук эсепте турбайт жана жардам сурап Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине кайрылган эмес.

Дарт жуктурган кыргызстандык киши Исламабаддагы PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences ооруканасында жатат.

Пакистандагы элчилик Исламабаддагы администрация жана укук коргоо органдары менен байланышта болуп турат. — деп айтылат маалыматта

23-марттагы маалымат боюнча Пакистанда 776 киши коронавируска чалдыккан.

Оорулуулардын көбү Кытайда — 81 435, Италияда -59 138, АКШда -33 276, Испанияда -28 768, Германияда -24 873, Иранда- 21 638 ж.б. катталган.

Ошондой эле Россияда – 367, Казакстанда –60, Өзбекстанда – 42, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.

Иллюстрацияялык сүрөт: Пакистанда. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты