Ташкентте “Борбор Азия — Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” жыйыны өтүүдө

  • 2 недели мурун

Ташкент шаарында 14-15-апрелде «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» стратегиялык диалогу форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйыны өтүп жатат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жыйындын күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери бар.

Тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын биринчи саммитинин алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карашат.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы саясий мекемесинин башчысы Ж.Кулубаев бир катар Борбор Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен  кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрөт.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты