ТИМ орус полициясынын Москвадагы элчиликтин кызматкерине жасаган мамилесин айыптады

  • 3 недели мурун

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлөсүнө карата орусиялык милиция кызматкерлеринин мамилесин айыптады.

Буга байланыштуу 12-апрелде министрликтин консулдук департаментинде Орусиянын элчилигинин консулу-кеңешчи Андрей Бурьев менен жолугушуу өттү.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз тарап мындай мамиле 1961-жылы кол коюлган “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” Вена конвенциясынын талаптарына каршы келерин эскертти.

“Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитацияланган кызматкерлерине Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан жасалган мындай мамиле жол берилгис экени эскертилип, бул боюнча дыкат териштирүү жүрүп, күнөөлүүлөрдү тезинен жоопко тартуу талап кылынды” деп жазылган билдирүүдө.

Консул Бурьев бул окуяга өкүнүчүн билдирип, Орусиянын тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын нотасын кабыл алганын, териштирүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилерин кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө элчиликтин кызматкеринин үй-бүлөсүнө жасалган «жол берилгис» мамиле тууралуу кенен маалымат берилген эмес.

Мунун алдында “Кактус Медиа” басылмасы ВЧК-ОГПУ Телеграм-каналына таянып, Орусиянын эки полиция кызматкери Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун тийиштүү уруксаты бар-жогун текшерүү үчүн анын үйүнө мыйзамсыз киргенин жазган.

Телеграм-канал жазгандай, эки укук коргоо кызматкери Жолдошбековдун үйүнүн кулпусун жана сырткы эшигин бузуп кирип, орой мамиле жасап, миграциялык каттоо боюнча документти талап кылышкан.

“Дипломат жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык паспортторун жана дипломатиялык карталарын көрсөткөнүнө карабай, милиция кызматкерлери алардан миграциялык каттоо документтерин берүүнү талап кылышкан. Натыйжада дипломаттын аялынын денесине, жашы жете элек балдарына психологиялык жактан зыян келтирилген” деп жазылган.

Москва шаарынын четиндеги «Крокус Сити Холл» борборундагы кол салуудан кийин Орусиянын укук коргоо органдары мигранттарга, анын ичинен борборазиялыктарга текшерүүнү күчөтүп, рейддер утур-утур болуп жатканы кабарланууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты