Антальяда асма жолдо кабинанын кулашынан жабыркаган кыргызстандык ооруканада жатканы кабарланды

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Анталья шаарында асма жолдун кабинасынын кулашынан кыргызстандык жаран жабыркаганын билдирди. Жабыркаган жаран ооруканага тик учак менен жеткирилген. 

«Министрлик Түркиянын Анталья шаарында асма жолдун кабинасынын кулашынан Кыргыз Республикасынын жараны жабыркаганын билдирди. Жабыркаган жаран тик учак менен жеткирилген. Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барды, медициналык текшерүүнүн натыйжасында далы жана буттун көгөргөн жерлери катталган. Аны ооруканада реабилитациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди» деп айтылат ТИМ маалыматында.

TRT каналынын маалыматы боюнча, Анталья шаарынын Коньяалты район тарабында асма жолдун кабинасы кулаган. Анын кесепетинен бир киши каза таап, 10 киши жаракат алган. Вагондордо 184 киши болгон. Кырсыктын себеби иликтенүүдө.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты