​Шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону токтото туруу жарлыгы кабыл алынды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо иш-чараларын токтотуп туруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкта COVID-19 коронавирусунун жайылышынан улам Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу, 2020-жылдын 21-мартындагы № 6 чечимин көңүлгө алып, Жогорку Кеңеш депутаттарынын, шайлоо комиссияларынын жана коомчулуктун кайрылууларын эске алып, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу максатында:

  1. 2020-жылдын 10-февралындагы № 32 Жарлыгы менен 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды мындан ары аткаруу Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаал режиминин мезгилинде токтотулуп турсун.
  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн;

— сунуштарды киргизсин:

Өзгөчө кырдаал режими аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо процессинин этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды улантуунун датасы жана добуш берүүнүн датасы боюнча;

— мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттерине өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда шайлоо процессин регламенттөө жаатындагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду шайлоо мыйзамдарына киргизүү боюнча, -деп белгиленет жарлыкта.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди.

22-мартта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилди.

Ноокат, Сузак, Баткен райондорунда жана Бишкек шаарында коронавирусту жуктуруунун 14 учуру катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты