​Кыргызстанда дагы 6 киши коронавирус жугузду

  • 4 года мурун

Кыргызстанда коронавирус жугузган дагы 6 киши катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымынла, Баткенде бир киши, Сузак районунан беш киши дарт жугузду. Ошону менен Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 учур катталды.

Алардын баары врачтардын көзөмөлүндө турат.

20-мартта Кыргызстанда үч киши коронавирус жугузган. 18-мартта Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылган. Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген. Алар Шаржа-Бишкек каттамы менен кайтып келишкен.

21-мартта Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 12 киши болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты