​Азык-түлүк баасын жогорулаткан ишкерлердин иши териштириле баштады

  • 4 года мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 15-мартта айрым базарларды жана дүкөндөрдү кыдырып, ун жана башка азыктүлүктөрдү себепсиз кымбат саткан соодагерлерди аныктаган.

Ага ылайык, баасы 1300 сомдун айланасында турган бир кап унду 1800 сомго саткан соодагерлерге жана ишкерлерге каршы кылмыш кодексинин 216-беренеси («Монополисттик аракет жана атаандаштыкты чектөө») боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш баштады.

Аталган кызмат баалар жөнсүз көтөрүлгөнүн байкаган жарандарды ал тууралуу маалымдоого чакырган. Ошондой эле кырдаалдан пайдаланып, чайкоочулук кылып, баюуну көздөгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болору тууралуу маалыматтар тарады. Ушундан улам Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып ала баштаган. 1300 сомдун айланасында сатылып жаткан ун айрым базарларда 1800 сомго чейин кымбаттаган.

Кечээ, 15-мартта, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдар базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзүп жатканын, кызыкчылыгын көздөп, чекене наркты негизсиз көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты