Өкмөт башчы өлкөдө азык-түлүк жетиштүү экенин билдирди

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги базарларга барып, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуучу соода түйүндөрүнүн иши менен таанышты.

Ташуучулар менен сатуучулардын маалыматы боюнча, товарларды импорттоо, алардын номенклатурасы жана запасынын көлөмү боюнча өзгөчө маселе деле жок.

Бирок, кардарлардын айтымында, мурдагы күндөрү ашыкча мүнөздөгү суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу айрым топтогу товарлардын наркы көтөрүлгөн.

Премьер-министр өлкөдө азык-түлүк жана башка күнүмдүк керектелүүчү товарлар жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.

«Товар жана азык-түлүк ташууга эч ким чектөө киргизген жок, чек арадан жүк алып өтүү адаттагыдай тартипте жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу жарандарды негизсиз дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам» деди ал.

Премьер-министр мамлекеттик органдар базарлардагы бааларга мониторинг жүргүзүп жатканын, кызыкчылыгын көздөп, чекене наркты негизсиз көтөргөндөргө карата катуу чаралар көрүлөрүн айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты