Бишкектин Ленин районунда накта азыктардын жарманкеси өтөт

25-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин районунда (Тыналиев көчөсү, 38 дарегинде, мечиттин батыш тарабында) Улуттук органикалык айыл чарба күнүнө карата жарманке өтөт.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Жарманкеге келгендерге ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба жана башка азыктары сунушталат. Катышуучулар үчүн соода орундар уюштурулуп, аймакты жасалгалоо жана уюштуруу боюнча белгиленген талаптардын сакталышы камсыздалат.

Уюштуруучулар борбор шаар тургундарын жана конокторун жарманкеге келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары менен таанышууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты