Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн мамлекеттик туу көтөрүү салтанаттуу аземине катышты. Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Улуттук гвардиянын колбашчысы мамлекет башчыга рапорт берди. мамлекеттик гимн жаңырып, Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлдү.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик туу – эл-жер үчүн канын-жанын арнаган ата-бабалардын изи, кайрат-күчү, деми туюнтулган мамлекеттик туубуз элибиздин сыймыгы, журтубуздун биримдиги, мамлекетибиздин тарыхы, ата-бабалардан калган аманат жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү эң ыйык таберик экенине токтолду.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров элдин биримдигин сактоого, эгемендүүлүктү көздүн карегиндей коргоого жана ар бир адамды өз иши менен Мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүүгө чакырды.

Бүгүн, 11-сентябрда,Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 35 жылдыгы белгиленүүдө.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты