Асрандиев: «Сырье бизде жетиштүү, бирок эртеңки күндү ойлошубуз керек»

  • 4 года мурун

Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьену ташуу жолун табуу керек экенин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

«Өзүңүздөр билгендей, калк керектеген товарларды ташуу үчүн бир дагы мамлекет чек араны жапкан жок. Бирок жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын чек арадан өткөрүүгө байланыштуу жүк ташуу агымы токтоп калды.

Тактап айтканда, мамлекеттик чек арадан өткөндө ар бир адам келген өлкөсүндө 14 күндүк карантинге алынышы керек. Бул -узак процесс. Бирок мындан жарандардын коопсуздугу көз каранды болгондуктан, муну жеңилдетип же аткарбай коюуга болбойт. Бул маселени чечүүнүн башка жолдорун табуу керек» деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев экономика министрлигине тигил же бул товарларды ташууга жөндөмдүү альтернативдик өлкөлөрдү издөөнү улантуу тапшырмасын берди.

«Коронавирустун жугуу тобокелдиги жогору өлкөлөрдүн ичинен биз Кытайдан сырье ташыйбыз. Бул негизинен жеңил өнөр жай тармагынын товарлары. Бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр белгилешкендей, сырье жетиштүү. Бирок биз эртеңки күндү ойлошубуз керек” деп белгиледи Эркин Асрандиев.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты