Жээнбеков: “Кыргызстан латын арибине өтпөйт”

  • 4 года мурун

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ТАСС агенттигинин суроосуна жооп берип жатып «Орус тили расмий тил катары Конституцияда бекемделген. Ал макам калат жана өзгөртүлбөйт» деп билдирди. Ошондой эле учурда өлкөдө «латын арибине өтүү муктаждыгы жок», «латын арибине өтпөгөнүбүз туура чечим болгон» деп билдирди. Президенттин баамында республиканын маданий, илимий ийгиликтери кириллицага таянуу шартында жаралган.

Латын арибине өтүү боюнча акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда демилге көтөрүлүп, бирок расмий колдоо тапкан эмес. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстанда, Өзбекстанда латын арибине өтүү жараяны уланып келатат.

Орус тили постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанда, Беларуста, Молдовада жана Түштүк Осетияда расмий тил деп таанылган.

27-февралда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий ачылышы болот. Ага катышуу үчүн Кыргызстандан президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация жөнөп кетти. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков президент Владимир Путин баштаган Орусиянын расмий өкүлдөрү менен жолугушары мурда кабарланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты