Депутат Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик макамдан ажыратуу демилгесин көтөрдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-февралда, Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик  макамдан ажыратуу боюнча парламентте демилге көтөрдү.

-Элдин ырыскасын, элдин байлыгын жеп келген Райым миллион, Райымбек Матраимов деп, арабызда табакташ болгон, жандап жүргөн деген 2-3 депутат кетти, дагы кетиребиз деп аракет болууда, өкмөттөн министрлер кетип жатат. Бирок ошолордун арасында аты аталбай, унутулуп калган, Райым Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилерибиз Кыргыз мамлекетинин төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап, мамлекеттин акчасын алып жүрөт. Ал ким? Ал- Сооронбай Жээнбеков, -деди Акылбек Түмөнбаев.  

Сооронбай Жээнбеков 2017-2020-жылдары президент болгон. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин кызматтан кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Райымбек Матраимов кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү») боюнча шектелүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты