Кыргыз тилин латын арибине өткөрүү: Президент  аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды

  • 11 месяцев мурун

Мамлекет башчы Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевге катуу эскертүү берип, тил саясаты, тагыраак айтканда кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды.

“Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте. Кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыр бул боюнча маселе жок, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү кириллицада улантуу керек”деди Садыр Жапаров

Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алуу учурунда айтты.

Мамлекет башчысы министрликтерде, ведомстволордо жана башка органдарда мамлекеттик тилдин абалына өзгөчө көңүл буруп, Улуттук комиссия тарабынан тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштерди улантуу жана чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты