Кыргызстанда жана Тажикстанда окуунун арзандыгы өзбектерди өзүнө тартып келген

  • 4 года мурун

Өзбекстандын Билим берүү сапатына көзөмөл жүргүзүү инспекциясы коңшу өлкөлөрдө окуп келгени тууралуу жасалма документ сунуштаган алдамчылардан этият болууга чакырды.

Инспекциянын маалыматына караганда, аймактык жумуш топторуна жалган документтерди көрсөткөн учурлар катталууда.

Инспекция коңшу өлкөлөрдөгү универитеттерден которулуу жөнүндө арыз тапшырган ар бир жарандын документтери текшерилерин, эгер жасалма болуп чыкса, алар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин эскертти.

11-февралда Өзбекстандын Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстанда окуган студенттердин Өзбекстан ЖОЖдоруна которулуу боюнча арыз тапшыруу мөөнөтүн 15-мартка чейин жылдырган.

Өзбекстан кошуналарынын ЖОЖдорунда окуунун сапаты өз улуттук рейтингине жооп бербейт деген жүйө келтирүүдө. Бирок айрым маалыматтар боюнча Өзбекстан кошуна мамлекеттерде окуган студенттер диний радикализмге берилип келиши мүмкүн деп да чочулайт.

Өзбекстан Борбор Азия мамлекеттери баш болгон бир катар өлкөлөрдүн дипломдорун тааныбайт. Ошол эле учурда Орусия жана Батыш өлкөлөрүнүн дипломдорун кошумча сертификациясыз кабыл алат. Бирок Тажикстанда жана Кыргызстанда окуу акысынын арзандыгы өзбек жаштарын өзүнө тартып келген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Радио «Озоди»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты