Электрондук эсеп-фактура колдонуу долбооруна 600 дөн ашык компания катышууда
- 4 года мурун
Электрондук эсеп-фактура колдонуу боюнча долбоорго 627 компания катышууда
Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна бир айдын ичинде дагы 124 компания кошулуп, азыркы учурда алардын саны 627ни түздү.
2019-жылдын 1-июлунан тарта электрондук документ түрүндө электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоору иштеп жатат.
2020-жылдын 1-апрелинен тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочу жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшөт.
Кеңири маалыматты 1240 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Муну бөлүшүү