Салык кызматынын буга чейин “Дордойдо” салык чогултууга жооптуу беш кызматкери кармалды 

  • 5 месяцев мурун

Мамлекеттик салык кызматынын буга чейин “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон беш кызматкери кармалды.

Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан уюштурулган салык төлөөдөн качуунун коррупциялык схемасы аныкталып, бөгөт коюлду.

Мамлекеттик салык кызматынын “Дордой” базарынын аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары тарабынан жеке баюу максатында, ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталды.

Бул коррупциялык схема 5-6 жыл иштеп туруп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

“Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары бар, ал эми салык 400 гана ишкерден түшүп турган.

Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын 5 кызматкерин жоопкерчиликке тартууга жетиштүү далилдер алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасаган деген шек менен сотко чеийинки өндүрүштүн алкагында Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири А.А.Б. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жаткандыгы белгиленди.

Баш сүрөт: Иллюстрациялык. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты