Январь айында 22,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь айында 22 млрд 373,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1 млрд 88,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп жыйналган дегенди билдирет. Анын ичинде 16 млрд 498,7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 3,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 3,2 млрд сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 5 млрд 874,6 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 1 млрд 84,6 млн сомго көп жыйналды.Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1,2 млрд сомго көп.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты