Салык кызматынын сайтына чабуул коюлду

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 19-октябрда түштөн кийин, Салык кызматынын сайтына киберчабуул коюлду.

Бул тууралуу Салык кызматынан Эркин Сазыков билдирди.  

Сайт бир нече саат жеткиликсиз болуп турду. Киберчабуулга аракет болгондо эле, Салык кызматынын адистери маалымат ресурсуна кирүүнү чектеди.  

Анда айтылгандай, www.sti.gov.kg сайты жаңылык жана сурап-билүү багытындагы материалдарды жарыялоого багытталган.  

Ал эми калган маалыматтык ресурстар, анын ичинде “салык төлөөчүнүн кабинети” адаттагыдай иштеп жатат, салык төлөөчүлөр үчүн тынчсызданууга негиз жок экендиги маалымдалды.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты