20 миң доллар пара талап кылган салык кызматынын кызматкери кармалды

  • 1 месяц мурун

20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара опузалоо фактысы менен атайын салык режимдери боюнча башкармалыгынын инспектору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалды.

Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери Ж.Б.Ж. ишкерлердин биринен салык боюнча текшерүү жүргүзөм деп коркутуу жолу аркылуу 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

19-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын аймагында 5 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурда, өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору  кармалды. Ал  кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык,  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты