Коронавирус боюнча стационардык кароодо 96 киши бар

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 10-февралга карата стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери боюнча медициналык кароодо 490 адам бар. Алардын баарынын ден соолугу канааттандырарлык.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендер термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө

Жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 413 орун даярдалган: Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, Ош облусундагы «Иркештам» — 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 183, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт.

Билим берүү жана социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери улантылууда.

10-февралга карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

Кытайда коронвирус чыкканына байланыштуу Кыргызстан Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты, аба каттамын токтотту.

Бишкекке Ухандан 18 кыргызстандык жеткирилди. Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер карантинде болуп турат. Бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты