Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия жыйыны өттү

  • 4 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча вице-премьерлер башында турган өкмөттөр аралык комиссия жыйыны өттү.

Тажикстанда, Исфара шаарында 4-5-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектейт.

Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар.

Вице-премьер-министр, ошондой эле кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты