Пара берүү фактысы боюнча бир нече киши кармалды

  • 6 месяцев мурун

Чек ара кызматы менен бирге чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир нече киши кармалганын УКМК басма сөз кызматы кабарлады

Маалыматта айтылгандай 14-январда кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Билип туруп мыйзамсыз аракет жасоо үчүн пара берүү”) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 1982-жылы туулган А.Т.Р., 1982-жылы туулган Т.И.Б., жана 1988-жылы туулган А.А.А. кармалып, тергөө абагына тергөө убагы бүткөнчө камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты