Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстан жаңы чек ара бекеттерин ачат

  • 2 месяца мурун

Өзбекстандын Наманган облусунун Үчкоргон районунда Өзбекстанды Кыргызстан менен байланыштырган чек ара бекетин куруу башталды.

Бул тууралуу УзАга шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазышты.

Өзбекстан президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында аймактар аралык, анын ичинде Наманган жана Жалал-Абад облустарынын ортосундагы өз ара байланыштарды чыңдоо боюнча макулдашууларга жетишилген.

Курулуп жаткан “Үчкоргон” чек ара бажы бекети Үчкоргон районундагы Учурган – Маданият жолунун 10-чакырымында жайгашкан. Ушундай эле иштер Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айылындагы «Кеңсай» бажы бекетинде да жүргүзүлүүдө.

Наманган облусунун башчысы Шавкат Абдураззоков аталган чек ара бекетинин курулушунун жүрүшү менен таанышып, ишти тез жана сапаттуу бүтүрүү боюнча жетекчилерге тиешелүү тапшырмаларды берди.

«Оздолик» радиосу бул бажы чек ара бекетинин ачылышы Үчкоргон районунун тургундарына ыңгайлуулуктарды жаратып, Наманган облусунун экономикасын, логистикасын жана тейлөө тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөрүн жазды. Эки элди бириктирген дагы бир достук жолу – «Учурган» жана «Кеңсай» чек ара бажы бекеттерин быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты