​Баш прокуратура: Садыр Жапаровду жатак-абакка которууга же шарттуу бошотууга болбойт

  • 4 года мурун

«Жазык жана жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык, Садыр Жапаровду жатак-абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт» деп билдирди башкы прокуратура.

Жогоруда аталган кодекстерде жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамга колдонулбайт жана уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасап соттолгондор жатак-абакка которулууга жатпайт деп көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы өкүмү менен кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси, кылмышка шериктеш болуу, 227-беренеси, барымтага кармоо менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги абакта өтөөсү белгиленип, кылмышы өзгөчө коркунучтуу деп табылган.

Аталган өкүм Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы өкүмү менен өзгөртүүсүз жана Жогорку соттун 2018-жылдын 13-июнундагы токтому менен күчүндө калтырылган.

Жаңы мыйзамдар күчүнө киргендигине байланыштуу С.Жапаровдун кылмыш иши кайра каралып, Жогорку соттун2019-жылдыг 30-апрелиндеги токтому менен жогоруда белгиленген соттук актылар талаптарга ылайык келтирилип,Жапаров аталган кодекстин 43-беренеси, кылмышка шериктеш болуу, 244-беренеси, барымтага алуу менен 10 жылга эркинен ажыратылып, соттук актылардан кылмыш-жаза кодексинин 16-беренесинен 3-б. 3-п. алынып салынып, соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

43-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, уюшкан топту же кылмыштуу уюмду түзгөн же болбосо аны жетектеп уюштурган адам деп таанылат,- деп билдирди башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаев Жапаровго дооматы жок экенин билдирген.

Садыр Жапаровго ырайым берүү боюнча Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдонгон.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Мурдагы губернатор Эмилбек Каптагаев Жапаровго дооматы эок экенин юилдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты