​АКШнын мамлекеттик катчысы Өзбекстанга келди

  • 4 года мурун

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жекшемби күнү кечинде Өзбекстанга келди. Негизги иш чаралар 3-февралга белгиленген. Мамлекеттик департаменттин делегациясын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кабыл алары күтүлүүдө.

Жолугушуулар учурунда 2018-жылы Вашингтондо өткөн өзбек-америка саммитинин алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы жана башка бир катар эл аралык маанидеги маселелер талкууланат.

АКШнын мамлекеттик катчысы 3-февралда Ташкентте өтө турган «Борбор Азия жана АКШ» («C5 + 1)» форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышат.

Өзбекстан ТИМи билдиргендей, жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышат.

Тышкы саясий мекемелердин башчылары Борбор Азия менен АКШнын өз ара өнүгүшүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашат.

2-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Нур-Султандагы иш сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен жолуккан. Мындан тышкары ал «Азаттыктын» казак кызматына маек берген.

Мунун алдында Помпео Украина менен Беларуска барган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: uzreport.news.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты