Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору: Президент Жапаров компания өкүлдөрү менен жолугушту 

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, “China State Railway Group Co., Ltd.” компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунцзюнду кабыл алды.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров кыргыз тарап Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин толугу менен колдой турганын баса белгиледи.

Президент Ван Тунцзюнга Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол магистралын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, пландалып жаткан темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктире турганын белгиледи. Андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жаңы транспорттук каттамдарды ачат.

Мамлекет башчы Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан аталган долбоорду алдыга жылдыруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатканын айтты. Тараптар долбоорду ишке ашыруу механизми жөнүндө жалпы түшүнүшүүгө жетишкенин канааттануу менен белгиледи. Атап айтканда, долбоор тараптардын үч темир жол ишканасынын ортосунда биргелешкен долбоордук компанияны түзүү жолу менен курулуш – эксплуатациялоо – өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылаары болжолдонууда.

“China State Railway Group Co., Ltd.” компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Тунцзюнь тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан долбоорун ишке ашырууда кызматташууну илгерилетүү жол-жоболорун тездетүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Мындан тышкары, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну тездетүүгө жана бекитүүгө, ошондой эле тиешелүү макулдашууга кол коюуга даярдыгы белгиленди.

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоору: Президент Жапаров компания өкүлдөрү менен жолугушту 

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты