Нарын дарыясынын Өзбекстандагы бөлүгүндө ГЭСтер каскадынын курулушу башталды

  • 1 месяц мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү жаңы электр станциялардын курулушун баштоо салтанатына катышты. Бул тууралуу Өзбекстан мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент 25-мартта алгач Нарын дарыясынын Наманган облусундагы Уйчи районунда жайгашкан бөлүгүндө алты гидроэлектрстанциядан турган каскаддын курулушуна старт берди. Анын жалпы кубаттуулугу 228 мегаватты түзөт.

«Өзбекгидроэнерго» акционердик коому Нарын дарыясынын Уйчи районундагы бөлүгүнө 434 миллион долларга алты гидроэлектрстанциядан турган каскад курат. ГЭС толугу менен Өзбекстанда өндүрүлгөн жабдуулардын жана технологиялардын эсебинен курулуп, өлкөдөгү алгачкы улуттук ГЭС болот» деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

ГЭСтер каскады жылына 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрүп, 310 миллион куб метр жаратылыш газын үнөмдөөгө, ошондой эле 430 миң үй чарбасын жарык менен камсыз кылууга мүмкүндүк берери айтылууда.

Шавкат Мирзиёев ГЭСтер каскадынан тышкары Наманган облусунда эки күн электр станциясынын курулушуна да старт берди. Алардын ар бири 500 МВт кубаттуулукта болуп, бири Пап районунда, экинчиси Пап шаарында 2024-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Станцияларды Hyper Partners GmbH аттуу немис жана Tepelen Group Holding Limited деген араб компаниялары курат.

Жалпысынан бул үч долбоорду ишке ашыруу үчүн 1,1 млрд доллар жумшалып, жалпы кубаттуулугу 1228 Мвт’ка жетет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты