Сот аткаруучу пара менен кармалды

  • 4 года мурун

30-январда иш бөлмөсүндө пара алып жатканда Чүй облусунун Аламүдүн районунун сот аткаруу кызматынын бөлүмүнүн соттук аткаруучусу 1982-жылы туулган Н.Т. кармалды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Н.Т. кызмат абалынан пайдаланып “Ч.у.Э.” аттуу КР жаранынан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б. (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган киши УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты