​Абылгазиев Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу программасын иштеп чыгууну тапшырды

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрүп, аны жакшыртуунун илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды.

Абылгазиевдин айтымында, бул биринчи кезекте жаңы жеңилдетилген финансылык инструменттерди киргизүү жолу менен калктуу конуштарды газдаштырууну арбытуу жана шаар курулушу, инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү талаптарды карап чыгуу менен автотранспортту газга өткөрүү боюнча иштерди активдештирүүгө тийиштүү болот.

Мамлекет тараптан да, экологиялык коомчулуктан дагы жана Бишкек шаарынын тургундарынан да өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, жарандар арасында экологиялык билим менен маданияттын принциптерин пропагандалоо керек.

Сүрөт: Бишкек шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты