Иран Украинанын учагын атып алганын мойнуна алды

  • 4 года мурун

Ирандын асман чабуулунан коргонуу системасы Украинанын жарандык учагын АКШнын канаттуу ракетасы деп жаңылып атып алган.

Мындай маалыматты Ислам революциясын коргоочулар корпусунун аскер-космостук күчтөрү боюнча командири Амир Али Хаджизаде маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, учак менен ортодогу аралык 19 чакырым болгон. АЧК системасынын оператору командири менен байланышы үзүлүп калгандыктан өз алдынча чечим кабыл алууга туура келген. Анын лайнерди атуу же атпоо чечимин кабыл алууга 10 гана секунду болгон.

Мындан тышкары, Хаджизаде Ирандын жарандык авиация жетекчилиги Boeing атып түшүрүлгөнүн эмне себептен алгач моюндабаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, Башкы штаб учактын кыйрашынын себеби тууралуу ошол эле күнү маалымат алган, бирок авиация кызматына кабарлаган эмес.

Кол башчы ИРКК окуяга толук жоопкерчилик аларын белгилеп, күнөөлүүлөр жазаланарын айткан.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты