Украина «тынчтык саммитине» 160тан ашык өлкө чакырыларын билдирди

  • 2 месяца мурун

Швейцарияда өткөрүлүшү пландалып жаткан глобалдык «тынчтык саммитине» 160тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү чакырылат.

Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдирди.

Анын айтымында, расмий чакыруу кагаздары даярдалган жана жакынкы убактарда тиешелүү өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Саммитке чакырыла турган мамлекеттердин арасында Орусия жок. Ермактын түшүндүрүшүнчө, бул өлкөнүн «тынчтык формуласын» талкуулоого катышуу мүмкүндүгү — дүйнө лидерлери Швейцариядагы саммитте Украинага жасалган агрессиянын кесепеттерин жоюу боюнча конкреттүү план иштеп чыккандан кийин гана каралат.

Саммит өтө турган күн так айтыла элек. Буга чейин Швейцариянын бийлиги аны «жайында» өткөрүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский сунуштаган «тынчтык формуласында» башка маселелер менен катар эле орус аскерлерин Украинанын аймагынан толук чыгаруу жана өлкөнүн 1991-жылкы чек араларын калыбына келтирүү жөнүндө жазылган. Өз кезегинде Орусия бул формуланы ылайыксыз деп атап, Украина боюнча пландарды Москванын катышуусусуз талкуулоо эч кандай жыйынтык бербей турганын билдирүүдө.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Украинадагы «жетишкендиктеринен» баш тартпай турганын эки жолу билдирген.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты