Зеленский согушта 31 миңден ашуун украин аскери каза болгонун билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиде Киевде басма сөз жыйынын өткөрүп, биринчи жолу украин куралдуу күчтөрү канча аскеринен ажыраганын айтты. Ал 2022-жылдын 24-февралында башталган согушта 31 миңден ашуун украин аскери өлгөнүн билдирди.

«Бул согушта 31 миң жоокер курман болду. Путин жана анын чөйрөсү айткандай, 300 миң эмес, 150 миң эмес. Ошентсе да бул жоготуулардын ар бири биз үчүн чоң жоготуу” деди Зеленский.

Ал орус күчтөрү басып киргенден бери Украинада он миңдеген жайкын тургундун өмүрү кыйылганын белгилеп, Орусия 180 миң аскеринен ажыраганын, 500 миңдей орус жоокери жарадар болгонун кошумчалады.

Орусия өзүнүн аскердик жоготууларын ачык жарыялабай келет. Би-Би-Синин орус кызматынын жана «Медуза» басылмасынын журналисттери Орусия үчүн согушкан 45 миңден ашуун адам согушта набыт болгонун тактаган.

«Украина. 2024-жыл» форумунун алкагында өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Зеленский согуштагы жеңиш Батыштын колдоосунан көз каранды экенин белгиледи.

Ал «тынчтык формуласы» жазында Швейцарияда өтө турган биринчи саммитте талкууланарын билдирди.

«Бул [саммит] ушул жазда болот деп үмүттөнөм. Биз бул дипломатиялык демилгени колдон чыгарбашыбыз керек” деди ал.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Зеленский «Свобода» радиосунун «Орусия менен болгон эки жылдык кеңири масштабдагы согуштан кийин жеңишке болгон көз карашыңыз, эл менен баарлашуусуңуз өзгөрдүбү же жокпу?» деген суроосуна жооп берди.

«Согуш өлкөнү өзгөртөт. Адамдарды да өзгөртөт. Мен да четте калган жокмун. Мен Украинанын жаранымын. Биздин коом өзгөргөн сайын мен да өзгөрөм. Менин эл менен баарлашуум менин ичимдеги, коомдун ичиндеги нерселерден көз каранды. Мен Украинанын жарандарынын ажырагыс бөлүгүмүн. Ошондуктан мен алар менен азыркыдай мамиледемин» деп жооп берди. Мындан тышкары Зеленский «болуп жаткан окуяларды мүмкүн болушунча элге жеткирүүгө» аракеттенгенин кошумчалады.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24-февралда туура эки жыл болду. Орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.

Сүрөт: EPA/EFE

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты