Орусия Украинанын энергетика тармагына чабуул жасады

  • 1 месяц мурун

22-мартка караган түнү Украина Орусиянын кезектеги ири ракеталык чабуулуна кабылып, өлкөнүн бардык аймагында аба чабуулу тууралуу айгай салынды.

Энергетика министри Герман Галущенконун айтымында, бул Украинанын энергетика тармагына урулган акыркы мезгилдеги эң ири чабуул болду. Анын айтымында, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап жатат.

Галущенко аткылоодон улам Запорожье атомдук электр станциясын камсыздаган электр линияларынын бири өчүрүлгөнүн ырастады. «Бул абал өтө кооптуу, анткени өзгөчө кырдаалга алып келүү ыктымалдыгы бар»деди «Энергоатомдун» жетекчиси Петр Котин.

Харьковдо орус аскерлери энергетикалык инфраструктурага 15тен ашык жолу сокку урганын облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Жардыруулардан кийин бир катар жерлерде өрт чыкты. Шаар дээрлик толугу менен электр жарыгысыз жана суусуз калган.

Запорожье облустук аскер башкармалыгынын башчысы Иван Федоров 12 ракеталык сокку урулганын билдирип, турак жайлар зыян тартканын, жабыркагандар бар экенин айтты.

Кривой Рогдун мэри Александр Вилкул шаарда авариялык өчүрүү графиги түзүлгөнүн маалымдады. Ооруканалар жана башка инфраструктуралар генератордун энергиясына өтүүдө.

Гидротехникалык курулуштарга жана Днепр ГЭСинин плотинасына да сокку урулду. «Укргидроэнерго» ишканасы станцияда өрт чыкканын маалымдады. Орус ракетасы дамбаны бойлой бараткан троллейбуска да тийген. ГЭСтин аймагында жол кыймылы токтотулду.

Соккулар Сумы, Винница, Львов, Ивано-Франковск, Полтава жана Николаев облустарына да урулду.

Москва буга комментарий бере элек.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты