​Чек арадагы ок атуу: Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери сүйлөштү

  • 4 года мурун

9-январдан 10-январга караган түнү чек арадагы ок атышуудан улам Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Тажикстан тараптан ок атылганын жана таш менен ургуланганына тынчсызданганын билдирди.

Ошондой эле КР Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси чакырылды.

9-январдан 10-январга караган түнү Тажикстан тараптан ок атылган.

10-январда саат 00:40 та Баткендин Орто-Боз чек ара заставасынын Жака-Өрүк жеринде Тажикстан жарандары кыргыз тараптын «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү машинасын таш бараңга алышкан. Ал машина Самаркандек жергесинен Баткен шаарына бара жаткан.

10-январда саат 01:00 дө Көчө-Карын жергесинин Көк-Таш чек ара заставасында тажик жарандары кыргыз тараптын «Фольксфаген-гольф» машинасын да таш баранга алып, качып кетишкен.

Саат 02:40 та Дахма жергесиндеги «Көк-Таш» чек ара заставасында ок атылган. Андан улам кыргыз тарап ал жактан балдарды жана аялдарды коопсуз жайга алып чыгып кеткен.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка ок атылган. Ош-Баткен автожолунун Орто-Боз айылынан өткөн Жака-Өрүк аймагында кыргыз жарандарынын эки машинеси талкаланган.

2019-жылдын 18-декабрында Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жаракат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жайкын тургун бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты