Баткендин Дахма участкасынан тургундар коопсуз жакка чыгарылды
- 4 года мурун
Баткен облусунун Дахма участкасында жашаган тургундар коопсуз жакка чыгарылды.
Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
“Алардын баары жакын жайгашкан Көк-Таш айылына чыгарылды. Абал туруктуу. Исфана-Ош жолу ачык” деп билдирди Баткен облустук ИИБ.
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
10-январга караган түнү 9-январдан 10-январга караган түнү Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Жака-Өрүк жана Көчө-Карын участкасында чатак чыгып, бир нече жолу ок атылды.
2019-жылдын 18-декабрында Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жаракат алган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү