Украинада аза күтүү күнү деп жарыяланды
- 4 года мурун
Тегеран шаарында Украинанын учагынын кулашынан улам Украинанын Президенти Владимир Зеленский 9-январды өлкөдо аза күтүү күнү деп жарыялады.
Бул тууралуу Украина өлкө башчысынын басма сөз кызматына шилтеме берип, РИА Новости агенттиги кабарлады.
Тегеран шаарында 8-январда 167 жүргүнчүсү жана экипаждын 9 мүчөсү бар Украинанын учагы кулап түштү. Ал кырсыктан аман калгандар болгон жок.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү