​Уран жана торийди чалгындоо, казууга тыюу салуу мыйзамына кол коюлду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) уран, торий кендерин чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;

2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);

3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин коомчулук уранга каршы чыгышкан. Өткөн айда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан.

Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Жогорку Кеңеш «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан

Сүрөт: «Урансыз Кыргызстан» митингинен. 26-апрель.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты