Фтизиатрия борборундагы референс лаборатория

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 5-декабрда, саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы улуттук фтизиатрия борборуна барып, андагы санариптештирүү иштери менен таанышты.

Улуттук фтизиатрия борборунун лаборатория башчысы Гүлмира Калманбетова кургак учук дартын аныктаган тез молекулярдык тест жүргүзүлчү референс-лабораторияларга киргизүү жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында биологиялык материалдарды ташуунун жаңы системасы ишке ашырылган.

Анын жардамы менен аймактагы бейтаптар өздөрү улуттук кургак учук борборуна биоматериал үлгүсүн алып келбей тургандыгын маалымдады.

Алар маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы фельдъегерлик кызматтын жардамы менен жеткирилет.

Бул диагноз коюуну алда канча тездетип, башкаларга жугузуп алуу коркунучун азайтып, калктын убактысын жана чыгымдарын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. Көрсөтүлгөн жогорку технологиялуу диагноздоо ыкмасы жарандарга акысыз көрсөтүлөт.

Фтизиатрия борборунун директору Болот Майканаев белгилегендей, кургак учукка каршы кызматтын маалыматтык системасы башка мамлекеттик электрондук системалар менен байланыштырылган.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты