Face ID. Акылбек Жапаров биометрикалык идентификация киргизүү зарылдыгын айтты

  • 1 год мурун

“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө эле эмес, банктарда, нотариустарда жана ооруканалардагы кызмат көрсөтүүдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны (Face ID) киргизүү зарыл” деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышкан жыйында.

Быйыл санариптештирүү боюнча буга чейин кабыл алынган программаларды ишке ашырууну аяктоо каралган.

“Президентинин администрациясы киберкоопсуздук, ФинТех, санариптик трансформация сыяктуу бир катар тажырыйбалуу адистерди тартуу менен эксперттик кеңешин түзүү чечимин кабыл алган.

2023-жылга санариптик өнүктүрүү министрлигинин негизги иштеринини бири иштелип жаткан Санариптик кодексти аягына чыгаруу жана архивдик документтерди санариптештирүү каралган.

Министрликтин быйылкы планына, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү дипломду электрондук түргө өткөрүү киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты