Төрөбаев: Аймактарда айрым жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү онлайн алууга болорун билишпейт  

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев санарип тармагынын жетекчилери менен жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү.

Мамлекеттик органдарда санариптештирүү маселелерин тескеген жетекчи орун басарларынын кызматтары түзүлдү.

Мындан тышкары, онлайн арыз берүү аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда, транспорт каражаттарын кайра каттоодо жана ооругандыгына байланаштуу өргүү алуу сыяктуу бир катар кызматтарды киргизүүнүн аркасында жарандар мамлекеттик органдарга барууну минималдаштырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев аймактардагы айрым жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды уюлдук телефон аркылуу алууга боло тургандыгы жөнүндө кабардар эмес экенин да белгиледи.

Санарип тармагында иш жүргүзгөн жетекчилерге бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты